Чүйдө жалгыз бой эне 3 кичине баласы, улгайган апасы менен сарайда күн кечирип келишет

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кыз-Моло айыл өкмөтүндө жалгыз бой эне үч кичинекей баласы жана улгайган энеси менен сарайда жашоого мажбур болууда. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абрахматованын иш сапарынын маалында белгилүү болгонун Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Айыл өкмөтүнүн имаратында Акыйкатчы менен коңшу мамлекеттерден көчүп келгендердин жолугушуусу болду.

«Аялдардын бири анын бир тууганынын жашоо шарты тууралуу айтып берди. Алардын үй-бүлөсү Өзбекстандан көчүп келишкен. Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү Кыргыз жаранынын паспортун алышкан. Буга карабай анын бир тууганы турак-жайы жок экенин жана жашы жете элек балдары бар экенине карабай балдары үчүн жөлөк пул албайт турганын эскертти. Ошондуктан ал балдары менен сарайда жашоого мажбур болуп жатыптыр. Бирок ал жерден да күзүндө көчүп кетүүнү талап кылышыптыр. Акыйкатчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчысы менен бирге дароо эле аял жашап жаткан сарайга барды. Акыйкатчы үй-бүлөнүн оор абалы менен жеринде таанышты.

Жалгыз бой эне балдарына жети жылдан бери жөлөк пул ала албай келет. Үй-бүлөгө жергиликтүү органдар жардам берген эмес. Аял күн сайын балдарын улгайган апасына таштоого аргасыз болуп, өзү Бишкекке барып иштеп жатат. Күн сайын эртең менен жумушка кетип, кечинде үйүнө келет.

Акыйкатчы жергиликтүү бийлик органдарынан балдардын жана аялдын жөлөк пул алуу укугун камсыздоону жана аярлуу үй-бүлө катары социалдык көмөк көрсөтүүнү талап кылды. Белгилей кетсек, үй-бүлө айыл өкмөтүнөн анча алыс эмес жердеги сарайда жашап жатыптыр. Жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жөлөк пул алуу боюнча бюрократиялык нормаларды шылтоолоп себептерин айтышты. Алардын кебине караганда аял көмөк сурап кайрылган эмес. Ошол эле маалда үй-бүлөнүн чоң энеси айыл өкмөткө кайрылганын, жазында буудай айдоого жерди ижарага берүүнү суранганын билдирди.Бирок ага баш тартып коюшкан», — деп айтылат маалыматта.