Чүйдө ур-токмокко алууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
10-сентябрда милицияга 44 жаштагы жаран кайрылган. Анын айтымында, 16-август күнү саат 22:00дөр чамасында Сокулук районунун Маловодное айылында 21 жаштагы уулу менен аны сабап кетишкен. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен катталган.
Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында шектүүнүн башка шериктери такталууда. Тергөө уланууда.