Аламүдүндө изделип жаткан Илана Ковшакова табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Малыматка караганда, 7-декабрда милицияга анын туугандары кайрылып, 2008-жылы туулган Илана Ковшакова 29-ноябрдан бери дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.
Кечээ, 14-декабрда милиция кызматкерлери кызды Жайыл районундагы Алтын айылынан табышкан.