Чүйдө жол тескөөчүлөр ооруп жаткан аялга жардам беришти

Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү жаранга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

5-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 80-129-чакырымында кызматкерлер жол коопсуздугун камсыздап жатышкан учурда Хонда Степ Вагон үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кызматкерлерге жардам сурап кайрылган. Унаанын ичиндеги жүргүнчү аял кишинин ден соолугу начарлап кеткенин билдирген.

Кызматкерлер Жайыл районун аймактык ооруканасына кызматтык унаа менен Тез жардам кызматына жеткирип, андан ары коштоп ооруканага жеткиришкен.