Чүйдө жол тескөөчүлөр орозо кармаган айдоочуларга суу таратышты

Чүй облусунда «Адам өмүрү аманат» жана «Биз менен ооз ачыңыз» деген акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Акциянын максаты айдоочуларга жол эрежеси боюнча профилактикалык мүнөздөгү түшүндүрүү жана ооз ачарга суусундуктар таратылды.

«Урматтуу жарандар, жума намазга жана кечкисин таравих намазга барган учурда унааңыздарды туура жерлерге токтотууну, башка жол кыймылынын катышуучуларына жана мечиттердин айланасында жашаган тургундарга да ыңгайсыз абалдарды жаратпооңуздарды өтүнөбүз»,- дешти.