Чүйдө жолдун жээгинде жалгыз жүргөн 4 жашар бала ата-энесине өткөрүп берилди

Кечээ, 6-майда Ново-Покровка айыл аймагында жоголду делген 4 жаштагы бала аман-эсен табылып, ата-энесине тапшырылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кечээ социалдык тармактарга жаш бала тартылган видео таркаган. Анда айланма жолдун жанында 3-4 жаш чамасындагы бала жалгыз жүргөн.

Аталган маалыматты текшерүү учурунда саат 18:20да апасы баласынын жоголгондугу боюнча милицияга кайрылганы аныкталган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында участкалык милиция жоголгон баланы эки сааттан кийин аман-эсен таап, ата-энесинин колуна тапшырган.