Чүйдө Жумагүл Тухтабаева дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 1972-жылы туулган Жумагүл Тухтабаева дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-июлда Токмок ШИИБге анын жакындары кайрылып, 1972-жылы туулган аял 28-июлда саат 08:30 чамасында Токмоктогу үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдиришкен.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 607363, 03138 63102, 0701 133512 номурларына чалсаңар болот.