Чүйдө Каныбек Мамышов дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 1973-жылы туулган Каныбек Мамышов дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 14-декабрда Пригородное айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 170-172 сантиметр, чачы кара, психикалык оору менен жабыркайт, көзү кара. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0312 35 36 23, 0554 55-36-36, 0701 801-858 номурларына чалсаңар болот.