Чүйдө көлчүктү стакан менен сузган окуучулар. Министрлик аларды эч ким мажбурлабаганын билдирди

Буга чейин Чүйдө мектептин алдындагы көлчүктү стакан менен сузуп жаткан окуучулардын видеосу тараган.

Видео боюнча Билим берүү министрлиги маалымат берди. «Ивановка айылында жайгашкан Айтматов атындагы №1 мектеп-гимназиясында катуу жамгыр жааган сайын жаандын суусу атайын суу чыгып кетүүчү арыктардын жоктугуна байланыштуу мектеп короосунда топтолуп калат. Мектептин алды 1982-жылы бетон блоктор менен төшөлгөн, суу чыгып кетүүчү арык жасалган эмес. Азыркы учурда бул жер оңдоп-түзөөгө муктаж. Эки жыл мурун айыл өкмөтүнө мектептин алдына таманташ төшөө боюнча долбоор жазылып, бирок долбоор өткөн эмес. 22-майда катуу жааган жамгырдан кийин суу мектептин алдында топтолуп, балдардын мектепке кирүүсүнө тоскоолдук туудурган. Балдар мектепке кире албай сууну кечип өтүүгө аргасыз болушкан. Мектепте бир короо шыпыруучу, чарба иштери боюнча директордун орун басары жана бир техникалык кызматкер иштейт. Алар короодогу сууну ташып баштаган. Бирок эки-үч адамдын сууну тез арада ташып жетишүүсү мүмкүн эмес. Мектептин тарбия иштери боюнча орун басарлары 10-класстын окуучуларынан сууну ташууга жардам берүүсүн суранышканда балдар өз ыктыяры менен макул болушкан. Окуучулар бул көрүнүштү байкап, өз жардамын сунуштагысы келгенин да билдиришкен. Анткени бул балдардын көпчүлүгү мектеп парламентинин мүчөлөрү, алар дайыма мектептин иштерине жардам берип келишкен», — деп айтылат маалыматта.