Чүйдө курал-жарактардын жана ок-дарылардын кампалары табылды

Чүй облусунда курал-жарактардын жана ок-дарылардын кампалары табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК жана «Альфа» атайын кызматы менен биргеликте 2010-жылдагы апрель окуялары жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды.

«Бекитилген жерден АК-47 Калашников автоматынын 2 магазини, 5.45- 59 даана ок-дарылар жана РПГ-26 Аглень гранатомету табылып алынды. Булар мурда Кыргызстандын күч бөлүмдөрүнүн биринин балансында болушу мүмкүн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноочулукка тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал«, — деп жазылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.