Чүйдө Мамат Атабеков 4 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө Атабеков Мамат Рахмадилдеевич изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Милицияга жакындары кайрылышкан. 1953-жылы туулган жаран 23-сентябрда Кашка-Баш айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Сүрөттөгү жаранды көргөн же билген болсо, 0 (3134) 5-33-80; 0 (312) 60-75-67, 0 (708) 41-35-86; 0 (703) 12-22-21 номурларына чалсаңар болот.