Чүйдө Мээрим Жаманкулова 1 айдан бери дайынсыз болуп жатат

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан Жаманкулова Мээрим Жолдошевна изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1979-жылы туулган жаран 2021-жылдын 15-октябрында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай, чачы кыска кара. Кимде ким жаранды көргөн-билген болсо, 0708 10-81-10 номурлары менен байланышсаңыздар болот.