Чүйдө Муниса Эргашева изделип жатат

Дайынсыз жоголгон 2006-жылы туулган Муниса Эргашева изделүүдө.

Чүй ОИИБден билдиришкендей, ал 21-сентябрда Ысык-Ата районунун Жээк айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Милиция Муниса Эргашеванын жүргөн жери боюнча маалыматы бар жарандарды 0312 616907, 0313252147 (нөөмөт бөлүмү), 0709502955, 0505768876 издөө тобуна байланышууну өтүнөт.