Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан Мураталы Райымбаев изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1959-жылы туулган жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Учурда бул факты Сокулук РИИБге катталып, издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы ак. Үстүндө көк түстөгү футболка, көк түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү шлёпка болгон.
Сокулук РИИБ анын жүргөн жерин билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт:
(0312) 60-75-67
(0558) 86-14-86