Чүйдө Наргиза Шатманалиева бир айдан бери дайынсыз болуп жатат

Сокулук РИИБ тарабынан 1982-жылы туулган Шатманалиева Наргиза Базарбаевна дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 3-январда Шопоков шаарындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 607567, 0558 86-14-86, 0708 86-14-86 номурларына чалсаңар болот.