Чүйдө ойноп жаткан баланы таппай калышкан (видео)

Жайыл районунда дайынсыз болуп жаткан 5 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

13-сентябрь күнү Жайыл РИИБге 5 жаштагы баланын ата-энеси арыз менен кайрылган. Ошол эле күнү саат 10:00 чамасында 5 жаштагы баласы Кара-Балта шаарындагы үйдө ойноп жатып, дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Бул факты Жайыл РИИБге катталып, издөө иштери башталган. Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2019-жылы туулган Насип табылып, ата-энесине өткөрүп берилген.