Чүйдө өзүн атып алды делген чек арачынын эжеси: «Иним дале жандандыруу бөлүмүндө»

УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, 21-октябрда «Чалдыбар-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун контракттык кызматынын аскер кызматкери 2001-жылы туулган жаран башына ок тийип жаракат алганын, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгонун билдиришкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 24-октябрда дал ошол чек арачынын карындашы кайрылып, чындык, акыйкаттык издеп жатканын айтышкан. Редакция 25-октябрда эжеси менен байланышып, инисинин абалы тууралуу маалымат алганбыз. Эжеси инисине бир күндөн кийин операция жасаларын айткан. Бүгүн, 28-октябрда эжеси инисине операция ийгиликтүү өткөнүн айтты. «Операция жасалды. Иним дагы эле жандандыруу бөлүмүндө. Бир аздан кыймылга келе баштады. Көзүн жакшы ача албай атат. Өзүнө келиш үчүн убакыт керек дешти», — деди ал.