Чүйдө өзүн атып алды делген чек арачынын эжеси: «Иниме эртең операция жасалат»

УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, 21-октябрда «Чалдыбар-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун контракттык кызматынын аскер кызматкери 2001-жылы туулган жаран башына ок тийип жаракат алганын, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгонун билдиришкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кечээ, 24-октябрда дал ошол чек арачынын карындашы кайрылып, чындык, акыйкаттык издеп жатканын айтышкан. Редакция бүгүн, 25-октябрда эжеси менен байланышып, инисинин абалы тууралуу маалымат алдык. Анын айтымында, жигит дагы эле жандандыруу бөлүмүндө жатат. «Жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эртең башындагы окту алуу учүн операция жасалат. Буюрса, көзүн ачса деп тиленип жатабыз. Жумушундагылар келип, абалын сурап, нөөмөттө туруп жатышат»,- деди эжеси.