Чүйдө өзүн атып алды делген чек арачынын карындашы: «Агам өз алдынча дем ала баштады. Биз чындыкты билишибиз керек»

УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, 21-октябрда «Чалдыбар-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун контракттык кызматынын аскер кызматкери 2001-жылы туулган жаран башына ок тийип жаракат алганын, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгонун билдиришкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине дал ошол чек арачынын карындашы кайрылып, чындык, акыйкаттык издеп жатканын айтты. «21-октябрда агам ооруканага түшүп калганын айтышты. Башында «өзүн-өзү атып алыптыр» дешти. Кийин «ок дубалга атылып, андан кийин анын башына тийиптир» дешти. Кийин суицид экенин айтышты. Менимче, мунун баары жалган. Себеби, агамдын өзүн-өзү өлтүрүүгө эч кандай негиз жок болчу. Ал өзүнө тура алган, дени сак жигит. Учурда агам дагы эле ооруканада. Жаңы эле Кара-Балта шаарынан Бишкекке которулуп жатат дешти. Башындагы ок алына элек. Кара-Балта шаарындагы ооруканада аппарат жок экен. Бирок дарыгерлер башы ириңдеп кетпесин деп, тазалашыптыр, ошого да шүгүр. Жаңы эле комадан чыкты, өзү дем ала баштады дешти. Биз, чек арачынын жакындары, чындыкты билгибиз келет»,- деди карындашы.