Чүйдө пенсионерге уурдалган 600 миң сомун кайтарып беришти

Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат беришип, Жайылда пенсионерди тоноп кетүүгө шектелип 2 аял кармалганын билдиришкен.

18-декабрда Жайыл РИИБге 1947-жылы туулган аял кайрылып, саат 15:00 чамасында Кара-Балтадагы үйүнөн 2 аял 600 миң сомун алып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча тоноо боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1994 жана 1998-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган.

Бүгүн, 24-январда Чүй ОИИБ менен байланышканыбызда, пенсионерге уурдалган 600 миң сом кайтарып берилгенин билдиришти.