Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан Балыкчы-Бишкек каттамындагы поездге таш ыргыткандар аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
14-октябрда саат 22:20 чамасында Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын аймагында белгисиз адамдар Балыкчы-Бишкек каттамы менен бара жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин бир нече вагондоруна таш ыргытышкан. Бул факты каттого алынып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныкташкан. Алар 2011-жылы туулган 3 жана 2012-жылы туулган бир өспүрүм экенин аныкталган.