Чүйдө рейд учурунда мал уурдагандар кармалды

2025-жылдын 29-ноябрында саат 00:00дөн 05:00гө чейинки аралыкта белгисиз адамдар Чүй районунун Кош-Коргон айылындагы 1969-ж.т К.Э. аттуу жарандын жеке турак үйдүн короосуна мыйзамсыз кирип, сарайдан музоосун жашыруун уурдап кетишкен. Кылмыш жасалгандан кийин шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырышкан.
Бул факт Чүй РИИБге катталып, мал уурулук беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
«Отработка» рейдинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери мал уурулукка шектелген адамдарды аныкташты.
Алар: 2007-жылы туулган И.Ш., 2006-жылы туулган А.А., 2007-жылы туулган А.З. Шектүүлөр тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн райондук ИИБге жеткирилген.
Тергөө учурунда шектүүлөр уурдалган музоону сатып жибергени аныкталган. Музоо сатып алгандардан алынып, далил катары таанылып жана жабырлануучуга кайтарылып берилген.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, 2007-жылы туулган И.Ш. жана 2006-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.