Чүйдө сууга аккан эне-бала. Наристени издөө иштери улантылууда

18-июлда Чүйдөгү эс алуу жайында наристе кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, кызын куткарам деп 1996-жылы туулган келин сууга түшүп кеткен. Ошол эле күнү келиндин жансыз денеси табылып, чыгарылган. Наристе изделип жатат.

Кечээ, 23-июль күнү кичинекей кызды издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден жалпы 20 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. 24-июль күнү издөө-иштери улантылат.