Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылынан сууга агып кеткен кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
27-сентябрь саат 16:33 чамасында Аламүдүн РИИБге Кой-Таш айылында 1997-жылы туулган кыз Аламүдүн дарыясынын жээгинде жуунуп жатып, тайгаланып сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Күчтүү агым аны алып кеткен, ал эми жанындагы таанышы жардам берүүгө аракет кылганы менен натыйжа болгон эмес. Бул факты каттоого алынып, издөө-куткаруу иштери жүргүзүлө баштаган. 1-октябрда саат 13:10 чамасында Кой-Таш айылындагы Аламүдүн дарыясынан кыздын жансыз денеси табылды.
Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер жүргүзүлдү.