Бүгүн, 21-март күнү президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан өкүлдүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Илияз Ташкулов ымыркай менен таанышып белектерин тапшырып келишти.
Ымыркай Сокулук районунун жалпы дарыгердик практикалык борборунда кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Анын салмагы 7,175 килограмм, бою 61 сантиметрди түзгөн. Учурда энесинин абалы канааттандырарлык.