Чүйдө түн ичинде качып кеткен балдар үйүнүн тарбиялануучусу изделип жатат

Чүйдө балдар үйүнүн тарбиялануучусу 2008-жылы туулган Никита Муртазаев дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-апрелде Жайыл РИИге Кара-Балта шаарында жайгашкан балдар үчүнүн кызматкери кайрылып, 6-апрелге караган түнү саат 02:00-05:00 чамаларында тарбиялануучу качып кеткенин айткан.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (701) 20-31-02, 0 (999) 26-02-01 номурларына чалсаңар болот.