Чүйдө түн ичинде көчөдө жүргөн 122 өспүрүм аныкталган. Алардын төртөө мурда изделип жаткан

Чүй облусунун аймагында балдар арасындагы укук бузуулардын жана ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 15-16-декабрь күндөрү кечки саат 20:00дөн түнкү 03:00гө чейин “Өспүрүм-түн” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Эки күндүк рейддин жүрүшүндө облустун аймагындагы эс алуучу жайлар, интернет клубдар, спорттук аянтчалар текшерүүгө алынып, ата-энелердин коштоосусуз жүргөн 122 жашы жете элек өспүрүм аныкталса, дайынсыз жоголгон 4 өспүрүм табылып ата-энесине кайтарылган. Бул иш-чаранын алкагында 16 баланын ата-энесине мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлгөн. Милиция кызматкерлери балдардын ата-энелерин чакыртып тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, андан соң балдарын өткөрүп беришти.

Мыйзам боюнча жашы жете элек өспүрүмдөрдүн түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз жүрүүсүнө чектөөлөр каралган.