Чүйдө узак убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан жарандар изделип жатат

Чүй ОИИБ бир нече убакыттан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан жарандардын сүрөттөрү менен бөлүштү.

Алардын бири 1972-жылы туулган Дудбаев Раджан Абирович. Ал 2011-жылдын 16-декабрында Токмоктогу үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 0312 607363, 03138 6-31-02, 0707419141, 0999777902 номурларына чалсаңар болот.

Ошондой эле Жусупова Тамара Болотовна изделет. Ал 1968-жылы туулган. 2009-жылы Токмок шаарындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 0312 607363, 03138 6-31-02, 0707419141, 0999777902 номурларына чалсаңар болот.

1974-жылы туулган Турдиев Шерзат Магомедович 2004-жылдан бери дайынсыз. Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 0312 607363, 03138 6-31-02, 0707419141, 0999777902 номурларына чалсаңар болот.

Нарынбек уулу Каныбек 1992-жылы туулган. Ал 2010-жылдын 7-апрелинде Токмоктогу үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз. Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 0312 607363, 03138 6-31-02, 0707419141, 0999777902 номурларына чалсаңар болот.