Чүйдөгү 6 жаштагы бала милицияга чалып, белек сураган. Анын кыялы орундалды (видео)

Милиция кызматкерлери Чүй облусунун жаш тургунунун кыялын орундатышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

6 жаштагы Темирлан өзүнүн туулган күнүнө аз калганда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына телефон чалган. Анда ал милиция анын тилегин орундатат деген ишеним менен туулган күнүнө карата жашыл трактор белек кылып, милициянын унаасына түшүрүүнү суранган.

Темирлан менен баарлашуу учурунда милиция кызматкерлери баланын тилегин орундатып, аны кубантууну чечишкен. Милиция кызматкерлери Темирланга белек сатып алып, баланын дарегине жөнөштү. Тартип сакчылары жаш тургунга салтанаттуу түрдө белек тапшырып, милициянын унаасы менен сейилдөөгө алып барышты. Темирлан жана анын апасына күтүүсүз болуп, абдан сүйүнүп турушту.