Чүйдөгү Акпай көлү жырылып, 8 малчы үй-бүлөсү менен көчүрүлдү (сүрөт)

Чүй облусунун Сокулук районунун бийик тоодо жайгашкан Акпай бийик тоолуу көлү жырылды. Бул тууралуу ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысына шилтеме берүү менен ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, Сокулук районунда жайгашкан Акпай коктусунан тоо көлүнүн жарылуусунан сел жүрүп, Сокулук-Төш-Булак-Шаркыратма жолунун 37 чакырымында 400 метр жолду жаап калган. Сел аккан жайлоодон Сокулук райондук бөлүмү алдын алуу иштеринин жүргүзүп, 8 малчы үй-бүлөлөрү менен көчүрүлгөн. Сокулук-Шаркырытма унаа жолу жабылды.
«Сокулук суусунун нугунда суунун көлөмү болжол менен 20 куб суу агууда. Сууну көзөмөлдөө уланууда жана күч каражаттары даярдыкта турат. Куткаруучулар атайын куткаруу унаасы менен калкка кабарлоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө. Суунун боюндагы жашоочулар учурга жараша үйлөрүнөн алыс коопсуз жайларга чыгышууда. Жарандык коргонуунун күч каражаттары ӨКМдин Чүй облусунун куткаручуулары иш алып барууга даярдыкка турат. Учурда куткаруучулар тарабынан бийик тоодо жайгашкан көлмөнүн абалын көзөмөлдөө үчүн Акпай бийик тоолуу көлүнө чыгып кетишти»,— деп айтылат маалыматта.