Чүйдөгү дан кампада чабан болуп иштеген жаран каза болду. Милиция жакындарын издеп жатат

3-майда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сосновка айылындагы Киев көчөсүндө жайгашкан дан кампасында эркек кишинин капысынан каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, каза болгон адамдын аты Сергей, болжол менен 1968-жылы туулган. Ал 2021-жылдан бери дан кампасында чабан болуп иштеп жүргөн.

Өзгөчө белгиси: бүкүрлүк жана омуртканын кыйшайышы бар.

Эгерде кимдир-бирөө сүрөттөгү жаранды таанып, маалыматка ээ болсо, төмөнкү телефон номур аркылуу кабарлап койсоңуздар болот: 0 (507) 82-08-69