Чүйдөгү «Кайыңды нан кабыл алуу пункту» мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Панфилов районундагы «Кайыңды нан кабыл алуу пункту» мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Чүй облусунун Панфилов районундагы мурда жеке жак тарабынан менчиктештирилип кеткен “Кайыңды нан кабыл алуу пункту” мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облустук мамлекеттик мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 3,4 га болгон «Кайыңды нан кабыл алуу пункту» имараттары жана курулуштары менен бирге жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийинчерээк үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээси сметалык баасы 650 миллион 82 миң сомдук объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.