Бүгүн, 24-июлда Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүй облусундагы жаңы «Silk Way» логистикалык борборунун курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Таанышуунун жүрүшүндө бажы башчысы бул улуттук долбоорду ишке киргизүү тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, натыйжада эл аралык соода жана товар жүгүртүү бөлүгүндө өлкөнүн экономикалык дараметин жогорулатууга жана өнүгүүсүнө түздөн түз таасир тийгизет деп белгилеп кетти.
«Индустриалдык парктын ачылышынын маанилүүлүгү анын көп функционалдуу болушунда камтылган. Бажы брокерлери жана кампа жайлары борбордоштурулат, тагыраак айтканда, бизнесмендер жана ТЭИ катышуучулары бардык кызматтарды бир жерден ала алышат, бул алардын иш жүргүзүүсүн кыйла жеңилдетет. Албетте, бул мамлекеттик казынага акча каражаттарынын түшүүсүн жогорулатат»,- деп айтылат маалыматта.
Ири улуттук индустриалдык парктын ачылышы Кыргызстандын 30-жылдык эгемендүүлүгүнө карата 31-августка пландалган.