Чүйдөгү Таш-Дөбө айылына инновациялык мектеп курулат

Чүй облусунун Таш-Дөбө (Воронцовка) айылына инновациялык мектеп ачуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга карата программасы менен тааныштырып жатып билдирди.

Анын айтымында, Воронцовкада Билим берүү жана илим министрлигинин 13,5 гектар жер тилкеси бар.

«Ал жакта таланттуу балдардын I чейрек окуп, үйрөнүп кетиши үчүн инновациялык мектеп куруу мерчемделүүдө. Бул профилактикалык мектеп катары болот. Демөөрчү аныкталды. Пайдубал май айында эле түптөлөт», — деди Бейшеналиев.