Чүйдөгү Военно-Антоновка айылы Кожомкул болуп өзгөрдүбү? Расмий жооп

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары Чүйдөгү Военно-Антоновка айылынын аталышы Кожомкул болуп өзгөргөнүн жазып жатышат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул маалымат боюнча президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы менен байланышканыбызда, жергиликтүү тургундар тарабынан жыйналыш болуп, айылдын атын өзгөртүү демилгеси болгонун билдиришти.

«Жыйындын протоколдору айыл өкмөткө, андан кийин райондук акимчиликке жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүккө жөнөтүлгөн. Азыр кайрылууну Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги карап жатат», — дешти.