Чүйдөн Бишкекке кеткен 33 жаштагы жаран дайынсыз болуп жатат

Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кубанчкул уулу Талант изделип жатат. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-июлда милицияга жаран кайрылып, анын агасы 1990-жылы туулган Кубанчкул уулу Талант 26-июлда Ысык-Ата районундагы Советское айылында жайгашкан үйдөн Бишкекке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Учурда анын жүргөн жери белгисиз болуп жатат.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (702) 49-88-88, 0 (704) 85-58-12, 0 (704) 103-102 номурларына чалсаңар болот.