Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМдин буйругуна ылайык төмөндөгү кызматкерлер жаңы кызмат ордуна дайындалышты:
- ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББнын башчысы кызматына дайындалды.
- ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы болуп милициянын полковниги Улан Айтбаев дайындалды, ал буга чейин КИББнын башчысынын орун басары кызматында иштеп келген.
- Ушул эле буйруктун негизинде, Ош ШИИБнын башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов ээлеген кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы кызматына дайындалды.
- Ал эми Чүй ОИИББнын башчысы, милициянын полковниги Дамирбек Исаков Чүй ОИИББнын башчысы кызматынан бошотулуп Ош ШИИБнын башчысы кызматына дайындалды.
- Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБнын башчысы Азамат Байгазиев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ленин РИИБдин башчысы кызматына дайындалды.