«Чылпак каерде болот?». Депутат менен аткаминердин диалогу

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында оюн автоматтарын, букмекердик контора жана тотализаторлордун баарын казинонун алдында жайгаштыруу мыйзам долбоору талкууланды.

Депутат Мирлан Самыйкожо бул демилге менен “чылпакты алам деп, көзүбүздү оюп алып жаткан жоксузбу?” деп сурады. Мындай салыштырууну Финкөзөмөлдүн башчысы Марат Пирназаров түшүнбөй калды.

«Мен сурооңузду түшүнбөдүм», — деди башчы.

«Сиз кыргызча түшүнбөйсүз го», — деди депутат.

Депутат: Чылпак каерде болот? Билесизби?

Башчы: Көздө болот.

Депутат: Ошол чылпакты алам деп, көздү оюп алып жаткан жоксузбу?

Финкөзөмөлдүн башчысы түшүнбөй калганын айтып, жөнөкөй сөз менен түшүндүрүүнү суранды.