Чылым чегүүгө каршы рейд жүрүп, 200 миң сом айып салынды

Бишкекте чылым чегүүгө каршы тамактануучу, көңүл ачуучу жерлерде рейд жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 200 миң сом айып салынган. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти.

Рейд учурунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу талабын бузган, тамактануучу жана көңүл ачуучу жайлар текшерилген. Жалпысынан 30 объект текшерилди. Алардын арасында «Balagan», «Sarya», «Grammy» жана «Дым Востока» аттуу жайларга 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.