Эмомали Рахмонго Акылбек Жапаров колун жүрөгүнө ала калып учурашса, Абдикарим Алимбаев мактоого арзып жатат

Соцтармактын колдонуучулары 29-июнда президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга барып, Кыргызстандын атынан барган делегацияны Эмомали Рахмонго тааныштырып жатканда тартылган сүрөттөрдү талкуулашууда.

Президенттин сайтында жарыяланган бул эки сүрөткө социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай билдирүүлөрдү калтырып жатышат. Алардын арасында «Эмне үчүн делегациянын башка мүчөлөрү колун жүрөккө койбосо деле, биздин Финансы министрибиз коюп алган? Эл аралык сапарларда минтип колуна жүрөгүнө алган көрүнүш деги жок болчу. Коркуп кеткен го…», «Коркконунан кантип жыгылбай турду экен», «Чын жүрөгүнөн жакшы көрөт» дегендери бар болсо, айрымдары Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин көз карашына маани беришүүдө. Колдонуучулардын арасында «Көз карашы көптү айтып турат», «Духу дух экен!», «Жапаровго окшоп жалтактабай, көзгө тике карайт экен» деп мактаганы да болууда.

Абдикарим Алимбаев чек ара жаңжалынан кийин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Ал бул кызматка келгенге чейин Чек ара кызматында, Башкы штабда эмгектенген.