Чыңгыз Айдарбеков: «Сөз эркиндиги бүттү. Унчукпай отургула дебейсиңерби?»

«Жарандык коомго көрсөтүлгөн чаралар орой болду. Мындай кырдаал тарыхта болгон эмес». Бул тууралуу депутат Чыңгыз Айдарбеков массалык камоо боюнча өз оюн айтты.

«Жарандык коом ачык-айкын бийликтин чечимдерине каршылыкты кандай жол менен көрсөтө алат? Көрсөтүлгөн позицияңар боюнча тынч чогулуш өткөрбөш керек экен. Анда жарандарыбызга «чогулбагыла, унчукпай отургула, эркин сөз бүттү» деп айткыла. Сот чечими жок жарандарды камадыңар. Аудио жаздырууга экспертиза керек болчу. Бул биздин мекендештер. Алар өлкө үчүн күйгөндөр. Сиздер токтотушуңар керек. Эркин коомдо өнүгүү болот. Элибиздин мүдөөсү башкача. Биз эркин коомдо жашашыбыз керек», — деди ал.