Чыңгыз Айтматов атасы Төрөкул Айтматов менен (сүрөт)

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөттө ал болжол менен 1,5-2 жашта. Сүрөт качан, каякта тартылганы белгисиз. 

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси «Гезитчи Дзюйдо» деген ат менен 1952-жылы «Киргизстан» альманахында орус тилинде жарыяланган.

Атасы Төрөкул Айтматов Кыргыз ССРинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери болгон, бирок 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы атылып кеткен. Апасы Нагима Хазиевна улуту татар, жергиликтүү театрдын актрисасы болгон.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.