Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры карантинге жабылды

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры карантинге жабылды. Бул туурасында театрдан билдиришти.
«Кызматкерлерге театрдагы жумуш учурунда санитардык талаптарды сактоо айтылган, биз аны аткарып жатабыз, андан тышкары эпидемиологиялык абал турукташкыча массалык иш-чараларды токтото туруу сунушталды», — дешти маданият мекемесинен.
Эскерте кетсек, буга чейин Опера жана балет театры карантинге кеткен.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда өлкөдө 3 миң 286 адам коронавирустан дарыланып жатат, алардын ичинен 407 адам оор абалда.