Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги 55 түп терек кыйылды

Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги теректерди алуу иштеринин биринчи этабы башталды. Учурда 55ке жакын терек алынып бүттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Тамыры менен алынып, жүктөлүүдө. Жеринде 13 атайын техника жана «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын 20 кызматкери иштеп жатат. Бардык кыйылган бак-дарактар ишкананын базасына жеткирилет. Бүгүнкү күндө көптөгөн дарактардын сабагы чирип, зыянкечтерден жабыркап, оорунун белгилери байкалат. Көпчүлүк бак-дарактардын үстү куурап, жолдун четине да, аллеяга да эңкейиш болуп, жол кыймылынын бардык катышуучуларына коркунуч туудурат», — деп айтылат маалыматта.

Бак-дарактар ​​Айтматов проспектисинин боюндагы Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин чынар же жалбырактуу клен менен алмаштырылат.