Социалдык тармактарда Чыңгыз Айтматов проспектисин бойлой жайгашкан теректер кыйыла башталганы тартылган видео тарады.
Буга чейин мэриядан теректер эскилиги жетип, жарандарга кооптуу болгон үчүн кыйылып жатканын билдиришкен.
«Жалпысынан Айтматов проспектисинин боюнда 1400 терек бар. Биринчи этапта 200 түп теректи кыюу пландалууда. Изилдөөнүн алкагында теректер үчүн стандарттык чек коюлган — 40-45 жыл. Бул теректер 1972-1975-жылдары тигилген. Мөөнөтү бүттү, алар кооптуу. Ишти башташыбыз керек», — деген мэр.