Чыңгыз Айтматовдун быйыл 95 жылдыгы. Бүгүн жай башында куран окулуп эскерилди

Бүгүн, 10-июнь Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов акка моюн сунган күн. Улуу жазуучу 2008-жылдын 10-июнунда 79 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
Жазуучунун дүйнөдөн өткөн күнүндө, тактап айтканда бүгүн, 10-июнда Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын башчысы, муфтий Замир кары Ракиев, көрүнүктүү маданият ишмерлери, интеллигенция өкүлдөрү жазуучунун «Ата-Бейит» көрүстөнүндөгү жай башына барып гүл коюп, куран окуп эскеришти.
Жазуучуну эскерүү иш-чарасына анын бир тууганы Роза Айтматова, уулдары Аскар Айтматов, Эльдар Айтматов жана башка жакындары катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр Алтынбек Максутов Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата быйыл республикада жана эл аралык деңгээлде бир катар маанилүү иш-чаралардын өтө тургандыгын билдирди. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары түбөлүктүү экенин баса белгилеп, жазуучунун ысымы кылымдар бою өчпөй турганын белгиледи.
Кыргыз элинин залкар инсаны жана сыймыктуу уулу Чыңгыз Айтматовдун быйыл 95 жылдыгы. Ага карата учурда республикада жогорку деңгээлдеги чоң иш-чараларды өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлүүдө.