Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйындысы аудио китепче болуп жарык көрдү

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай, анын чыгармаларынын жыйындысы аудио китепче болуп жарык көрдү. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы академиянын өкүлү билдирди.
Жазуучунун чыгармаларын аудио китепче кылып жаздырып чыгаруу демилгеси журналист Эрнис Кыязовго таандык. Маалыматка караганда, 5 аудио китепчеге жазуучунун бардык чыгармалары толугу менен жаздырылган. Аудио китепчелер билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилет.