Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган

Бүгүн, 20-апрелде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова көз жумду. Жакындарынын айтымында, Айтматова жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

«Бүгүн, 20-апрелде сүйүктүү апабыз Мария Урматовна жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Апам боорукер, акылдуу аял эле. Биздин үй-бүлө үчүн орду толгус жоготуу…» — деп жазды келини Сабира Айтматова. 

Буга чейин келини үй-бүлөсү менен коронавируска чалдыгып калганын жазган эле.