Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк жоголдубу? Министрликтин жообу

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги көрүстөнүнө коюлган түндүк жоголду. Бул тууралуу алып баруучу Ассоль Молдокматова Инстаграмдагы баракчасына жазып чыккан.

«Белгисиз адамдар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүктү алып салышыптыр. Жазуучунун уулу Аскар Айтматов капа болду. Ал кылдаттык менен көрүстөндүн архитектурасын ойлоп тапкан. Баардыгы Аскар Чыңгызовичтин жеке каражаты менен тургузулган. Мунун артында ким турат?!Кечирим сурап, тезинен түндүктү калыбына келтириши шарт!«,- деп жазды ал.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги түндүк уурдалбаганын айтып, учурда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде пландык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Айрымдар такталбаган маалыматтарга таянуу менен коомчулукта Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк «белгисиз адамдар тарабынан алынган» деген пикир жаратуу аракетин көрүүдө. Мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт. Буга чейин коомчулукта мемориалдык комплекстеги жерде жаткан түндүктөр боюнча кайчы пикирлер айтылып, жакшы эмес жышаан катары кабыл алгандар арбын болгон. Улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында атайын топ бул маселе боюнча иш алып барып жатат. Азыркы тапта комплекске жаңы көрүнүш берүү концепциясы талкууланып жатат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Мындан тышкары министрлик мемориалдык комплекс 24 саат бою атайын күзөт тарабынан күчөтүлгөн режимде кайтарыларын эскертип, популисттик аракеттен алыс болууга чакырды.