Чыңгыз Кожошев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы жазды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кожошев Чыңгыз Эргешбаевич Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.











